Гастелло 13
(Ориентир Медерова - Панфилова)
ТЦ Бета Сторес 2. 2-Этаж.
Отдел GADGET.KG

Дүкөн жөнүндө

Биздин дүкөн 2009-жылдын 16-ноябрында иштей баштаган. 

Адегенде Гаджет деген эмне жана бул эмнени билдирет деген тушундуруудан баштайлы.

Гаджет (англ. gadget — шайман) — өзгөчө, стандарттуу эмес техникалык шайман. Азыркы убакта гаджет деп колго кийүүгө же КПК же смартфондорго туташтырууга жетиштүү кичинекей ар кандай санарип приборду айтууга болот. Бул сайтта биз сизди кээ бир Гаджеттердин үлгүлөрү менен кеңири тааныштырууга аракет кылабыз. Ал эми кээ бир нерселерди сиз биздин Гаджет Дүкөнүбүздөн сатып алууга мүмкүнчүлүгүңүз болот. Мен бул нерселердин көпчүлүгү эксклюзивдүү болорун убада бере алам, көпчүлүгүңүз алар жөнүндө укканыңыз да жок. Балким уккансыздыр. Бирок сөзсүз, биз сизди ушундай эксклюзивдүү Гаджеттер менен күн сайын таң калтырууга аракет кылабыз.

Азыр 21-кылым жана биз эмнени көрөбүз: ичине видеокамера жана уюлдук телефон орнотулган саат, Акылдуу робот чаң соргуч иш столуңуздагы ыпылас нерселерди (үрпөлөрдү, чаңды ж.б.) тазалай алат, Робот ойготкуч, ал таңертең эрте сизди ойготуп, андан кийин сизден качып кетип, сиздин толук ойгонууңузга жардам берет, ит үргөнүн же баланын ыйлаганын сизге түшүнүктүү тилге которгон ар кандай түзүлүштөр - Мындай Гаджеттер абдан жана абдан көп. Жана дагы биз алар жөнүндө кеңири айтып берүүгө аракет кылабыз, эң популярдуу моделдерди биздин Гаджет Дүкөнүбүзгө коюуга аракет кылабыз....

Дүкөнүбүзгө кош келдиңиздер!